«АЛТЫН ТҮЙҮН» БАЛДАР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПЕДАГОДОРУ РОССИЯЛЫК КЕСИПТЕШТЕРИНИН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Март 2024 ж. 14:38

Көрүлдү: 197

«Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты.

post.title

Семинар «Орлёнок» бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулду.

«Алтын түйүн» академиясынын педагогдору робот техникасы, 3D-моделдөө, программалоо боюнча мастер-класстарга жана «Орбиталык кыймыл» жана «Учуу симуляторунда учакты башкаруунун негиздери» сабактарына катышты. Алар Авиация жана космонавтиканын инновациялык технологиялары борборуна, SAP инновациялык борборуна жана «Орлёнок» балдар борборунун обсерваториясына барышты.

“Алтын түйүн” академиясынын жана “Орлёнок” борборунун адистери “Кошумча билим берүүдөгү инновациялык педагогикалык технологиялар” эл аралык конференциясында билим берүү процесстерин санариптештирүү жана геймификациялоо маселелерин, балдар менен иштөөдө долбоор ыкмасын киргизүүнүн келечегин талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар