Ошондой эле ага күнүгө үй шартында кам көрүлүп турса андан да жакшы. 25 жашка чейин ага абдан кам көрүүнүн мааниси деле жок. Бул куракта боелгон макияжды убагында өчүрүп, азыктандыруучу каражттарды сүйкөп коюу жетиштүү.
Көздүн айланасына кам көрүү: тазалоо, азыктандыруу, сергитүүдөн турат.
Тазалоо
Эми үй шартында ага туура кам көрүүнү үйрөнөлү
Биринчи эле кезекте көздөгү макияжды убагында, күн сайын өчүрүп туруш керек. Көздөгү макияжды өчүрбөй уктап калсаңыз, анын эрте бырышышына эң сонун жол ачкан болосуз. Ал үчүн атайын тазалоочу косметикалык каражат колдонулат. Контактык линзаны колдонуп жүргөндөр үчүн майы жок атайын демакияж үчүн косметикалык каражаттар колдонулат. 25 жашка чейин сууга эч нерсе болбогон туштарды колдонбой эле койгон жакшы.
Көзгө коюлган макияж көздүн ичине кирип кетпеши керек. Анын курамындагы химиялык заттар болгондуктан, ал билгизбей көздү жабыркатып салат.
Азыктандыруу
Көздүн айланасындагы назик терини азыктандырып жана сүйкүмдүү кылыш үчүн атайын ласьон, крем, гелдер колдонулат.
Кургак терилер үчүн мыкты кам көрүү болуп азыктандыруучу кремдер эсептелет. Алар терини азыктандырып, бырыштардын эрте түшүшүн алдын алат. Ланолин менен жасалган кремдерди колдонбой эле койгон жакшы. Бул компонент назик терини жабыркатып коюшу мүмкүн. Кремди көздүн алдынкы бөлүгүндөгү териге сүйкөш керек. Үстүнө сүйкөгөндө крем көзгө кирип, көз жабыркап калат.
Эң пайдалуу каражаттар болуп гельдер эсептелет. Ал бат-бат шишиген жана сезимтал көздөргө ылайыктуу.
45 жаштан кийин көздүн айланасына эластин менен коллагенди пайда кыла турган каражаттарды колдонуш керек.
30 жаштан кийин мөмө өсүмдүктөрүн жана майларын колдонуш керек болот. Көздүн айланасына майда бырыштардын түшүп кетпешине кылдаттык менен мамиле жасаган жакшы. Көпчүлүк мындай бырыштар түшүп кеткенде көңүл бурбай коюшат. Ошондуктан кам көрүлбөй калган көздүн айланасы андан да бетер бырыштарга толуп, жаман көрүнүп калат.
Мындай учурда жөнөкөй эле кремдер көздүн айланасындагы назик терин азыктандырып убактылуу гана кам көрүп, акыбалын жакшыртып турат. Ошондуктан крем гельдер өз алдынча аны чың кыла албайт. Бул терини эрте картайышына алып келет. Мен Сиздерге козго туура кам коруу учун, коздун айланасына туура кремдерди колдонуу учун Алоэ Веранын томонку продукциясын, кремдерин, маскаларын сунуштамакмын. Сурап билуу учун: +7926 565 01 66 (вотсап) номерине кайлырсаныздар болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев