Баткен облусунда 113 мугалим жетишпейт

0
1165

Баткен облусу боюнча учурда, кыргыз тилдүү мектептерде 95 мугалим, орус тилдүү мектептерде 18 мугалим, жалпы 113 мугалим жетишпейт.Бул боюнча Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Касымбек Жалилов маалымат берди.

Тагыраагы, облуста музыка, физика,география, дене-тарбия сабактарынан мугалимдер жетишсиз. Мындан улам, бул сабактарды тектеш адистиктеги мугалимдер өтөт.
Бул көйгөйдү чечүү максатында, мугалимдик кесипке кызыккан бүтүрүчүлөрдү, жогорудагы предметтерге багытоо иштери жүрүп жатат дейт, Жалилов.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 234 мамлекеттик билим берүүчү мекемеде 8633 мугалим эмгектенет. Райондук билим берүү мекемелеринин берген отчетуна ылайык, облустагы окуучулардын билим сапаты 55%, 60%ды түзөт дейт, Касымбек Жалилов.

Айжамал Абдикаарова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here