Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

"Алтын түйүн" балдар академиясына "улуттук" макам ыйгарылды


"Алтын түйүн" академиясынын тарбиялануучулары.
"Алтын түйүн" академиясынын тарбиялануучулары.

"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясына "улуттук" деген макам ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 2-сентябрда мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай макам академияга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого олуттуу салым кошкону үчүн берилди.

Жаңы макам академияга мамлекеттик органдар, чет элдик мыкты окуу жайлары менен кызматташуусун жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Окуу жайдын негизги жана техникалык кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйөт, спорттук аянтчалар ачылат.

Быйыл 12-майда президент академиянын иши менен таанышып, жамааты жана окуучулары, ата-энелер менен жолуккан.

Академияда 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режимде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG