КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Изилдөө өткөрүп жатканда эмнеден качыш керек?
Көп сүйлөө. Ар бир нерсени түшүндүрүүнүн зарылдыгы жок. Иса пайгамбар адамдар өздөрү ойлонуп, туура жыйынтыкка келиши үчүн суроолорду колдонгон (Мт 17:24—27). Суроолор изилдөөнүн жандуу өтүшүнө, изилдеп жаткан кишинин түшүнүп жаткан-жатпаганын жана эмнеге ишенерин аныктоого жардам берет (be 253-б., 2, 3-абз.). Чыдамдуу болгула. Суроо бергенден кийин жообун күткүлө. Эгер туура эмес жооп берсе, туура жообун дароо айтпастан, өзү туура жыйынтык чыгарышы үчүн, кошумча суроолорду бергиле (be 237-б., 5-абз.—238-б., 1-абз.) Ага жаңы боло турган ойлорду ага түшүнүктүү болушу үчүн жайыраак айткыла (be 230-б., 4-абз.).
Татаалдантуу. Өтүп жаткан темага байланыштуу билгендериңердин баарын айтуудан качкыла (Жн 16:12). Абзацтагы негизги ойго гана көңүл топтоо маанилүү (be 226-б., 4-абз.—227-б., 1-абз.). Кошумча майда-чүйдө маалыматтар абдан кызыктуу болсо да негизги ойдон алаксытып коёт (be 235-б., 3-абз). Изилдеп жаткан киши негизги ойду түшүнсө, кийинки абзацка өтүү абзел.
Маалымат берип эле коюу. Биздин максат — маалымат берүү эле эмес, адамдын жүрөгүн козгоо (Лк 24:32). Бөлүмдөгү негизги аяттарга көңүл буруп, Кудай Сөзүнүн күчүн колдонгула (2Кр 10:4; Ев 4:12; be 144-б., 1—3-абз.). Жөнөкөй мисалдарды келтиргиле (be 245-б., 2—4-абз.). Анын кыйынчылыктары, ишенген нерселери жөнүндө сүйлөшүп, изилдеп жаткан материалды ага ылайыкташтыргыла. «Буга карата кандай ойдосуң? Мындан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз? Бул кеңешти колдонуунун кандай пайдасы бар?» — деген сыяктуу суроолорду бергиле (be 238-б., 2—4-абз.; 259-б., 2-абз.)