Учурда журналисттер саясатчылардын куралуу болуп калуудан качыш керек

Журналисттер кээ бир саясатчылардын же кандайдыр бир тараптардын куралуу болуп калуудан качуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта, Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин укуктарына арналган тегерек стол учурунда айтылды.

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары кээ бир иштер боюнча соттошпоо үчүн журналисттер өз укуктарын так билиши керектигин белгилешти. "Мисалы, мындай окуя болду. Бир жыл мурун жумуштан кеткен киши келип мени ушундай мыйзамсыз кетирген деп кайрылды. Бул негизи туура эмес, мыйзам боюнча 1 ай ичинде тийиштүү жактарга кайрылышы керек. Ошондо гана анын эмгек укуктарын корголот",- деген оюн билдиришти.

Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси Мэри Бекешова көпчүлүк журналисттер эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу ачык айтуудан кача турганын айтат. "Журналисттер эмгек укуктарынын бузулушун көпчүлүк билүүсүн каалабайт. Алар өз ара эле чечип алабыз дегенге аракет кылат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД